Коопсуздук кеңешине ушу тапта төрагалык кылып жаткан Германиянын элчиси Гюнтер Плойгер провинцияда улуттук негиздеги араздашуулардын курчушу БУУнун миссиясынан узак мезгил бул аймакта калууну талап кылат деп билдирди. Косово 1999-жылдан бери БУУнун убактылуу башкаруусунда турат. Соңку мезгилде бул аймакта албандар менен сербдердин ортосунда араздашуулар күч алды.