Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:43

Грузия эларалык коомчулуктан Ажар маселесин чечүүгө көмөктөшүүсүн өтүнөт


ТБИЛИСИ. Грузиянын премьер-министри Зураб Жвания Ажар автономдуу жумуриятына байланышкан проблеманы чечүү үчүн эларалык коомчулуктун жардамын сурай турганын билдирди. Жвания Еврокеңештин учурдагы ортомчулук аракеттери жөнүндө сөз кылбады, бирок ал эларалык коомчулук Ажар маселесин чечүүгө активдүү көмөктүшүүсү керек экенин айтты. Расмий Тбилиси Ажариядагы куралдуу топтор же куралсыздандырылып, же борбордук өкмөттүн карамагына өтүүгө тийиш деп эсептейт. Кечээ президент Михаил Саакашвили эгерде Ажар жетекчилиги Тбилисиге баш ийбесе жергиликтүү парламентти таркатып жиберээрин эскерткен.

XS
SM
MD
LG