Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:38

АКШны Түндүк Корея тынчсыздандырууда


ШАНХАЙ. АКШнын вице-президенти Дик Чейни Түндүк Корея террорчуларга өзөктүк курал берээр-бербесин аныктоого кызыкдар экенин билдирди:

- Убакыт такай эле биз тарапта болгон жери жок. Түндүк Корея өзөктүк куралдын технологиясын кимдир-бирөөнө, маселен, террорчул уюмдарга береби деп тынчсызданып жатабыз.

Шанхай университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда Чейни ошондой эле Түндүк Кореянын өзөктүк курал программасына байланыштуу алты мамлекеттин өкүлдөрү менен жолугушуу уюштурганы үчүн Кытай өкмөтүнө ыраазычылык билдирди. Эки баскычта өткөн Пекиндеги бул жолугушууга Кытай, АКШ, Орусия, Жапония, Түндүк Корея, Түштүк Корея катышты.

XS
SM
MD
LG