Герхард Шрөдөр менен Хосни Мубарак Жакынкы чыгыштагы жагдайды талкуулашты. Газа тилкесинен жөөт аскерлеринин чыгарылганы жатканын Шрөдөр дурус кадам деп баалады. Азыр Шрөдөрдүн айтымында, “жол картасы” планын жүзөгө ашырууга бардык күч-аракетти жумшоо, жөөт-палестин сүйлөшүүлөрүн ушул пландын негизинде жүргүзүү зарыл. Мубарак менен немец тышкы иштер министри Йошка Фишер да өзүнчө жолугуп, Ирактагы кырдаалды, терроризм проблемасын талкуулады.