Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:28

Ош областтык ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү ири көлөмдөгү курал жаракты колго түшүрдү


ОШ. Курал жарактар Карасуу районунун Мады айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызчек кыштагынын тургуну Мамытов Амирбектин үйүнөн табылды. Анда "Калашников" автоматынын 143 огу, "Калашников" 10 пулеметунун 120 огу, магазини, аңчылык кылчу үч башка мылтык,алардын 160 огу, 9 кило 95 грамм коргошун бытыра, 50 огу менен бир тапанча, 202 даана бош гильза, мылтык, адам саюуга ылайыкталып жасалган саптуу бычак жана башкалар бар. Бул курал-жарак, ок, дарылардын ээси башка адам деген көрсөтмө берилди. Булар курал сатуу максатында чогултулган деген божомол бар. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, 17-апрелде тергөө башталды.

XS
SM
MD
LG