Америка Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоого дагы алты ай калганы менен, аны менен байланыштуу сыналгы аркылуу көрсөтүлгөн жарнамаларга мурда болуп көрбөгөндөй көп каражат - 90 миллион доллар сарпталды. Анын 50 миллионун президент Жорж Буш, 12 миллионун анын атаандашы Жон Керри жана дагы 28 миллион долларды - ар башка партиялар коротту. Талапкерлер рекламага чектелүү гана каражат сарптоого укуктуу, ошондуктан алар акчанын баарын азыр коротсо, кийин жарнама жасоого мүмкүнчүлүгү азаят.