Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Роман Абрамович – Британиянын эң бай адамы


ЛОНДОН. “Санди таймс” гезитинин жазганына караганда, Орусиянын мунай магнаты Роман Абрамович Улуу Британиянын эң бай адамы болуп калды. Басылма жыл сайын Британиянын эң бай адамдарынын тизмесин жарыялап турат жана быйыл ал тизмеге орус магнатынын аты да киргизилген. Өткөн жылы Роман Абрамович Британиянын “Челси” футбол командасын сатып алган эле. “Санди таймстын” бүгүнкү санында Абрамовичтин байлыгы 13 миллард долларга жакындап бараары айтылат. Ал Европадагы байлар арасында алтынчы орунда, дүйнөдө болсо 22-орунда турат.

Кечки жаңылыктар түрмөгүн даярдаган - Кубат ОТОРБАЕВ, Прага

XS
SM
MD
LG