Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:14

«Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фондунун долбоору сынга алынууда


БИШКЕК. Жыл башынан тарта «Эл аралык толеранттуулук үчүн» Фонду тарабынан ишке ашырылып жаткан Кыргызстанда атуулдук коом менен күч структураларынын ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча долбоор өз максатына жетпейт. Анткени, өлкөдө тартип коргоо органдарын реформалоо ага бийликтин саясий эрки болмоюнча жүзөгө ашырылышы мүмкүн эмес. Мындай мазмундагы билдирүүнү бүгүн «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова таратты. Билдирүүдө айтылгандай, 15-апрелде нааразылык акцияга чыккан «Арнамыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун жактоочуларынын укуктары өлкөнүн тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан одоно түрдө бузулду. Ал эми «Толеранттуулук үчүн» фондунун долбооруна катышкан ички иштер министрлигинин жана башка күч структуралардын жетекчи кызматкерлери өз алдынча чечим кабыл ала алышпайт. Бул долбоордун алкагындагы семинарларга активдүү катышып келген «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун жетекчиси мында ары аларга катышуудан баш тартты.

XS
SM
MD
LG