Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:27

АКШ Испаниядан башка өлкөлөр да Ирактан аскерлерин алып кетиши мүмкүн экендигин билдирди


ВАШИНГТОН. Испаниянын премьер- министри Хосе Родигерс Сапатеро Ирактагы өз армиясын алып кетери тууралуу жарыя кылгандан кийин, АКШнын өкмөтү башка өлкөлөр да өз армиясын алып кетиши мүмкүн экендигин билдирди. АКШ президентинин коопсуздук иштер боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс телевидениеге берген интервьюсунда 34 өлкөдөн турган коалициянын курамы өзгөрүшү мүмкүн экендигин айтты:

- Биз испаниялыктар өз аскерин алып кетиши мүмкүн экенин билебиз. Эгер алар аскерин алып кетсе, мен ага таң калбайм. Биз Иракта калуу коркунучтуу деп жаткан башка өлкөлөр да бар экенин билебиз. Бирок биздин коалиция бекем бойдон кала берет.

XS
SM
MD
LG