Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Европа Биримдиги жаңы мүчө-мамлекеттердин айлана-чөйрөнү тазартуу аракеттерине ыраазы


Биримдиктин айлана-чөйрө комиссары Маргот Вальстром бардык жаңы мүчөлөр негизинен туура жолдо келатканын белгилеп, "Европа Биримдиги буга өтө кубанат" деди. Кечээ Брюсселде жарыяланган отчетто айтылгандай, Польша сульфурдун абага ташталышын 1990-жылдардагыдан эки эсеге кыскарткан. Ал эми Чех жумурияты таш көмүр казуу, метталлургия жана химиялык өнөр жайдан болгон көз карандылыгынан арыла алды. Отчетко ылайык Чыгыш Европада абаны айрыкча булгаган заттар 60-80 пайызга, уулуу металдар жарымына, ал эми сууну булгаган органикалык заттар 80 пайызга азайган.

Таңкы жаңылыктар топтомун даярдаган - Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG