Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:17

«Алга Кыргызстан» партиясы айыл тургундарына жардам берет


Бишкек «Алга Кыргызстан» партиясы 22-апрелден баштап «Бай улут, күчтүү Кыргызстан» деген аталышта жаңы долбоорду турмушка ашыра баштайт. Долбоорго ылайык партия өкүлдөрү Кыргызстандын бардык дубандарындагы айыл калкына, орто жана чакан ишкерчиликтин өкүлдөрүнө жана дыйкандарга кредит алуу аны иштетүүнүн жолдору, айыл чарба техникасын утурумдук пайдалануу тууралуу окууларды өткөрүшөт. Мындай окууларга Кыргызстандагы Ишкерчиликти өнүктүрүү фонду, Кыргыз айыл чарба корпорациясы жана Ишкерчиликти колдоо боюнча финасылык корпорациясынын өкүлдөрү катышышат. Атуулдарга жогорудагы каржы уюмдардын талаптарына ылайык кредит берилет. Бул тууралуу «Алга Кыргызстан» партиясынын жооптуу катчысынын орун басары Мелис Жунушалиев маалымдады.

XS
SM
MD
LG