Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:14

«ПИРАМИДА» КАНАЛЫ ЖАБЫЛУУ КОРКУНУЧУНДА


21-апрелде Мыйзам чыгаруу жыйынынын коомдук уюмдар жана маалымат саясаты боюнча комитети «Пирамида» телеберүүсүнүн айланасында түзүлгөн кырдаалды талкуулап, анын жыйынтыгында бир катар чечимдерди кабыл алды. Ага ылайык «Пирамиданын» айланасында түзүлгөн кырдаалды иликтөө максатында депутаттык комиссия түзүү белгиленди.

Жыйында комиссия түзүү менен катар комитет атынан президентке жана эл аралык уюмдарга кайрылуу да кабыл алынды. Анда 17-марттан бери метрдик диапозондо чыкпай калган «Пирамида» телеберүүсүнүн маселесин чечүүгө көмөктөшүү өтүнүчү айтылган. Андан сырткары «Кыргызтелекомдун», «Пирамиданын» жана эл аралык уюмдардын катышуусу менен тегерек стол жыйын өткөрүп, анда каналдын кайрадан өзүнө таандык диапозондо чыгуусу үчүн эмне кылуу керектигин талкуулоо сунушталды.

Ал эми комитеттин жыйынына депутаттардан сырткары «Пирамиданын» жетекчилиги, «Кыргызтелекомдун» телекөрсөтүү жана радиоуктуруу боюнча радиорелейлик магистралдарынын башкы инжинери Кубанычбек Бегалиев, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө тараптар каналдын чыкпай калыш себеби боюнча мурда айтылган ойлорун кайрадан кайталашты. Маселен, Кубанычбек Бегалиев, «Пирамида» техникалык себептерге байланыштуу чыкпай жатат деген сөзүн кайталады. Бирок анын сөзүндөгү бир жаңылык, «Пирамиданын» жакын арада чыга албастыгын айкындагандыгы болду. Бегалиев аны мындайча билдирди:

- Өлкөнүн телетармагы уроонун алдында турат. Телемунаранын абалы начар. Аны оңдоого каражат жок. Эл аралык уюмдар «Пирамидага» жаңы антен алып берген күндө да аны орнотуу ишине кеминде жарым жыл керек.

Ал эми «Пирамиданын» жетекчилери Олег Васильев, Андрей Цветков жана Элина Чернявская канал чындыгында техникалык себептерге байланыштуу чыкпай калып, бирок ал себеп саясий максатта пайдаланылып жатат деген ойлорун билдиришти.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Николай Байло «Пирамиданын» чыкпай калышына карата мындай оюн билдирди:

- Мен бул жерде техникалык себеп саясий максатта пайдаланылып жатканын даана байкадым. Күздө жергиликтүү кеңештерге, андан кийин парламенттик шайлоо болот. Ошондуктан өлкөдөгү кырдаалды кандайдыр бир деңгээлде обьективдүү чагылдырып келаткан каналды бул оюндан чыгаруу аракети жасалып жатат. Мындай ойлоого, донорлордун техникалык бузулууну оңдоого каражат бөлүүгө даярдыгын билдирип жатса да, аны оңдоого саясий эрк болбой жатканы түрткү берип турат.

Дагы бир депутат Оксанна Малеванная «Пирамиданын» чыкпай жатышында саясий себеп бар экенин, бирок аны телеканал өзү айтууга батынбай турганын белгиледи.

Европа Коопсуздук жана Кызматташуу уюмунун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн кызматкери Питер Фелх, ЕККУ «Пирамиданын» айланасында түзүлгөн кырдаалга тынчсызданып жатканын билдирди:

- Биз тынчсызданып жатабыз. Кырдаалды иликтеп жатабыз. Жардам берүүгө даярбыз. Бизди өлкөнүн телемунарасынын абалы жалпысынан тынчсыздандырууда. Анткени анын абалы өтө начар экени, эскилиги жеткени айтылууда. Шайлоо алдында өлкө таптакыр эле телекөрсөтүүсүз калыш коркунучу пайда болуп турат.

Анын айтымында, ЕККУ азырынча «Пирамиданын» метрдик диапазондо чыкпай калуусун техникалык,каржылык, андан кийин административдик себептерден көрүп турат. Ал эми каналга саясий колдоо керек болсо, андай колдоо ЕККУ тарабынан көрсөтүлөт, деп белгиледи Питер Фелх.

«Пирамиданын» маселеси Мыйзам чыгаруу жыйынында талкууланган күнү «Интербилим», Адам укуктары жана мыйзамдуулукту сактоо боюнча бюро жана «Журналисттер азапта» бейөкмөттүк уюмдары президентке, өкмөт башчысына, парламент төрагаларына, эл аралык уюмдарга жана жалпы элге кайрылуу менен чыгып, «Пирамиданын» бир айдан ашык убакыттан бери чыкпай калуусуна өтө тынчызданганын билдиришти. Кайрылууда каналдын чыкпай калуусу менен миллиондогон атуулдар көз карандысыз булактан туура маалымат алуу укугунан ажырагандыгы, коррупцияга баткан саясатчылар каалаганын кылып, ал эми бийликтин советтик доордогудай бир жактуу маалымат менен элди алдап жаткандыгы белгиленген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG