Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:24

Жер реформасы ири кооперативдерди түзүү менен аяктайбы?


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр аппаратынын жетекчиси Бекболот Талгарбеков президенттин «Жер жана агрардык реформанын жаңы багыттары менен иш-чаралар» аттуу жардыгы боюнча түшүндүрмө берди. Анын маалыматына караганда, жардык жер жана агрардык реформаны натыйжалуу аяктоо гана эмес, жалпы экономиканы кайра калыбына келтирүүгө багытталган. Реформанын кезектеги баскычы айыл чарбасында ири кооперативдерди түзүү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды түзүү милдетин алдыга коет. Ал эми Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу жыйыны «Кооперативдер жөнүндөгү» мыйзамды караган маалда, айыл чарбасында ири кооперативдерди түзүү үчүн тармактагы ири ишканалардан алынчу акциздик салыктын көлөмүн азайтуу жана кооперативдерге биригүү боюнча айрым жоболорду өзгөртүүнү сунуш кылышкан.

XS
SM
MD
LG