Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:01

ФБРдин башчысы Кытайды террорчулукка каршы кызматташууга чакырды


БЭЖИН. АКШнын Федералдык Иликтөө Бюросунун (ФБРдин) башчысы Роберт Мүллер дүйнөнүн калкы боюнча эң чоң өлкөсү- Кытай ыктымал боло турган террордук чабуулдардан корголбогон өлкө экенин эскертти. Бирок Мүллер кандайдыр конкреттүү террордук топтор жөнүндө сөз кылган жок. 2002-жылы Кытайдын Шиңжаң провинциясындагы Чыгыш Түркстан исламдык кыймылы деген уюмду АКШ террордук уюшмалардын тизмесине киргизген болчу. Роберт Мүллер АКШ менен Кытай экөө тең террордук чабуулдардын бутасы болушу ыктымал экенин белгилеп, эки өлкөнү террорчулукка каршы тыкыз кызматташууга чакырды.

XS
SM
MD
LG