Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:09

ТҮНДҮК КОРЕЯНЫН ПРЕЗИДЕНТИ БЭЭЖИНГЕ КЕЛИП КЕТТИ


Нарын АЙЫП, Прага 18-инен 21-апрелге чейин Түндүк Кореянын төрагасы Ким Чен Ир Бээжинде болуп, Кытай жетекчилери менен жолукту. Сапар расми эмес болгондуктан, ал тууралуу алдын ала жарыяланган эмес жана Кытайдын маалымат агенттиктери дагы визит жөнүндө анын акыркы күнүндө гана билдирди.

Апрелдин ортосунда Бээжинге Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти Дик Чейни келип кеткен жана ал кытай жетекчилери менен жолукканда, Түндүк Корея маселеси да талкууланган. 2002-жылдын күз айларынан бери дүйнө коомчулугу Түндүк Кореянын өзөктүк программаларын токтотуу менен алек, бирок азырынча эч жыйынтык жок. Былтыр август айында жана быйыл февралда Бээжинде бул маселе боюнча алты тараптуу эки сүйлөшүү өткөрүлдү, бирок касташкан тараптар өз турумунда калды.

Дик Чейни кетээри менен Бээжинге төрага Ким Чен Ир келди жана үч күндүн ичинде ал Кытайдын төрагасы Ху Дзинтао, мурдагы төрага Цзян Цемин, мамлекеттик кеңештин төрагасы Вен Цзибао жана башкалар менен жолукту. Сапар тууралуу алдын ала эч кабар айтылган эмес, Кытайдын өзүнүн маалымат каражаттары Ким Чен Ирдин Бээжинде экени тууралуу ал кайрадан Кореяга кетээр алдында гана кабарлады, бирок Түштүк Корея жана батыш агенттиктеринин жазышынча, жолугушуулар учурунда эки негизги маселе талкууланды: Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрү жана өлкөнүн экономикасын реформалоо.

Экономикалык маселелер талкууланганда, кытай өкмөтүнүн башчысы Вен Цзибао төрага Ким Чен Ирге - кошуна Түштүк Кореяга барып, алардын экономикасы менен таанышып чыгууну сунуштады. Өзөктүк маселелер боюнча болсо Ким Чен Ир өзүнүн илгерки пикирин дагы бир жолу кайталады: Америка Кошмо Штаттары Түндүк Кореянын коопсуздугуна кепил болгондо гана Пхеньян өзүнүн өзөктүк курал өндүрүү программасынан баш тарта алат. Түштүк Кореялык гезиттердин жазышынча, Кытайдын мурдагы төрагасы Цзян Цемин ага - Вашингтондун туруму катуу жана анын өзгөрүшү мүмкүн эмес деп жооп берди.

АКШнын туруму чындап эле катуу жана ал Пхеньяндан - эч кандай шартсыз өзөктүк куралдан баш тартууну талап кылууда. Президент Жорж Буш ал жөнүндө көп жолу айткан: "Корея жарым аралындагы абалга кайрылсак: АКШ, Кытай, Түштүк Корея, Жапания жана Орусия Ким Чен Ирге ачык айтууда - эгер силерге болгон мамиленин өзгөрүшүн кааласаңар, өзөктүк программаңарды токтотуп, аны текшерүүгө мүмкүн болгон жол менен жок кылгыла".

Анткен менен америкалык "Нью-Йорк таймс" гезити 21-апрелде жазып чыкканга караганда, Вашингтондун өтө катуу туруму маселени чечилгис кылып салууда. Сүйлөшүүлөрдө эки тарап тең убакыт созууга аракеттенүүдө, бирок ал убакыт кореялыктардын пайдасына иштеп жатат. Гезиттин пикиринде, Түндүк Кореядан чыккан коркунуч Ирактыкынан алда канча чоң жана өзөктүк куралдын жайылып кетпеси үчүн, Пхеньянга жөн гана пара берген сыяктуу, Вашингтон анын коопсуздугуна кепил болуп бергени жакшы.

Пакистандын өзөктүк куралынын "атасы" Абдул Кадыр Хандын айтымында, 1999-жылы ал Түндүк Корея өндүргөн үч атом бомбасын көргөн. Андан бери өлкөдө дагы бир-эки бомба жасалганы мүмкүн жана аларды бутага жеткирүүгө талаптуу Түндүк Кореянын ракеталары дагы бар. Өлкө эч кимге каршы курал колдонбосо дагы, куралды ал башка бирөөгө сатып жибериши толук ыктымал. Мисал үчүн, "Нью-Йорк таймстын" жазышынча, Пхеньян өзүнүн экономикасын колдоо үчүн жөн гана мамлекеттик деңгээлде америкалык долларларды басып чыгарат.

Гезиттин айтымында, Түндүк Корея кризисин чечүүгө азыр дүйнөдө эки гана адам кызыкдар эмес - АКШ президенти Жорж Буш жана Түндүк Кореянын төрагасы Ким Чен Ир.

XS
SM
MD
LG