Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:05

Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы айыл чарба маселесин карады


БИШКЕК. Бүгүн Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу палатасы республикада өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын сатууда жана кайра иштетүүдө түзүлгөн оор кырдаалды карады. Буга байланыштуу Айыл жана суу чарба министри Александр Костюк маалымат берди. Министрдин айтымында, өткөн жылы республикада картөшкөнүн түшүмү 136 миң тоннага ашыкча алынып, учурда аны сатууда жана кайра иштетүүдө кыйынчылыктар түзүлгөн. Депутаттар аткаруу бийлигин жана облустук, райондук жетекчилердин бул маселе боюнча тийиштүү чара көрбөгөндүгүн сынга алышты. “Айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө колдоо иретинде айыл чарба продукцияларын мамлекеттик сатып алуу” мыйзамы аткарылбай жатканын билдиришти. Мыйзам чыгаруу палатасы өкмөткө жана тиешелүү министрликтерге айыл чарба продукциясынын маркетингин жана мониторинг жүргүзүүнү, алдыңкы технологиялар менен кайра иштетүүнү тездетүүнү сунушташты.

XS
SM
MD
LG