Улуттар Уюму. Улуттар уюмунун балдар кору ЮНИСЕФтин баяндамасына ылайык, адамдарды, айрыкча балдарды кулчулукка сатуу мурдагыдай эле Африка өлкөлөрүндө күч. Кулчулукка сатылган балдар сойкулукка, же курал алып, чоң кишилер менен бир катарда согушууга мажбурланат. Кулчулукка сатуу кылмышынан аялдарга караганда балдар көбүрөөк жапа чегет. Кулчулукка сатылган балдардын саны аялдардыкына караганда эки эсеге көбүрөөк экен. ЮНИСЕФтин маалыматына ылайык, Африка өлкөлөрү кулдарды Европага жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө сатышат.