Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:33

Сузак районунда «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөсү кармалды


ЖАЛАЛАБАД. Сузак районунун тургуну Махаматжан Худайбердиев «Хизб ут-Тахрир» баяны, «Аль-Аль-вайи» аттуу китепчелери менен колго түштү. Махаматжан Калдаровдон Өзбекстандагы жардырууларга жана Борбор Азияда ислам халифатын курууга чакырыктар ташталган адабияттар алынды деп билдирди 25-апрелде областтык ички иштер башкармасынан. Ал маалыматка ылайык ага каршы кылмыш иши ачылды. Жыл башынан бери облуста 17 адам кармалып, алардан жашыруун уюмдун 100дөн ашуун баракчалары табылган. Ону тергелүүдө жана төртөөнө айып салынып, үчөөнө эскертүү берилген.

XS
SM
MD
LG