Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:29

БЕЛЕК СОЛТОНОЕВ ЖАНА 1916-ЖЫЛДАГЫ КӨТӨРҮЛҮШ


1916-жылы кыргыздардын көтөрүлүшү ошол кездеги орус бийлиги тарабынан кан төгүү менен басылып, кыргыздардын бир бөлүгү качып отуруп Кытайга барып башпааналаган. Көтөрүлүштү өз көзү менен көрүп, ага илимий мамиле жасоого аракет кылган Белек Солтоноевдин 1916-жылдагы көтөрүлүш жөнүндөгү маалыматы тууралуу сөз козгосок.

1916-жылдагы көтөрүлүш боюнча тарыхнаамалык багыт Совет мезгилинде калыптанып, ал азыркы көзкарандысыз Кыргызстандын тарых илиминде кайра иштелип чыга элек. Айрым талдоочулардын айтымында, Лениндик интернационализм методологиясынын калдайган сөлөкөтү илим адамдарынын акылын арбагансып, 1916-жылдагы кыргыз элинин көтөрүлүшүн объективдүү, так талдоо маселесине кедерги келтирип жаткан шекилди.

Анткен менен 1916-жылкы көтөрүлүш боюнча топтолгон материалдар арбын. Алардын ичинен көтөрүлүштү жана кыргыздардын үркүнгө кантип кабылганын, бейкүнө кырылганын өз көзү менен көргөн, атүгүл ага илим адамы катары карап, изилдөө жүргүзгөн Белек Солтоноевдун эмгеги объективдүүлүгү менен айырмаланат. Ушул маселе боюнча тарыхчы Анварбек Мокеевдин пикирин угуп көрсөк:

- Кыргыздардын көтөрүлүшүн, үркүн маселесиндеги кыргыздардын көргөн азап-тозокторун, башынан өткөргөн кыйынчылыктарын, орустардын жүргүзгөн колониялдык саясатынын кесепеттерин эң так, эң кеңири түрдө биринчи калемге алган албетте, Белек Солтоноев болгон. Бул маселени изилдөөдө Белек Солтоноевдин материалдарын негизги тарыхый булак катары карашыбыз керек.

Белек Солтоноев 1916-жылдагы көтөрүлүштүн чыгыш себебин мындайча түшүндүрүүгө аракет жасаган: "1916-жылкы кыргыздардын көтөрүлүш себебин текшергенде жеке гана солдат жана рабочу алат деген буйрук болбостон, анын себеби терең болуп, эзели узактан башталып, оруска карагандан бери падыша өкмөтүнө, колонизаторлоруна кара ниетте болуп келе жаткандыгы көрүнөт" деген.

Белек Солтоноевдун эмгегинде 1916-жылкы көтөрүлүш көлөмдүү орунду ээлеп, ал көтөрүлүштүн башталышынан, үркүн жана Кытайдан кайра кайткан элдин азап-шорун төкпөй-чачпай кагаз бетине түшүргөн. Балким анын "Кызыл кыргыз тарыхы" чыгармасынын убагында жарык көрбөй, "капаска" катылышынын себеби да ушуга байланыштуу болсо керек.
XS
SM
MD
LG