Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:25

ЖУРНАЛИСТТЕРГЕ ДҮЙНӨНҮН КАЙСЫ МАМЛЕКЕТТЕРИНДЕ ИШТӨӨ ООР?


Сапар Орозбаков, Прага Ирак журналисттердин иштеши үчүн шарты эң катаал өлкө болуп эсептелет. АКШдагы журналистерди коргоо комитети дүйнө өлкөлөрүндөгү сөз эркиндигинин абалын изилдеп чыгып, ушундай жыйынтыкка келген. Комитет өзүнүн акыркы бир жылдагы изилдөөсүн Бүткүл дүйнөлүк басма сөз күнүнө карата 3-майда жарыя кылды.

Журналистерди коргоо комитети басма сөз эркиндигине коркунуч бар өлкөлөр деп Ирактан тышкары Кубаны, Зимбабвени, Түркмөнстанды, Бангладешти, Кытайды, Эритреяны, Гаитини, Палестинанын Батыш жээгин, Газа тилкесин жана Орусияны атайт. “Бул жерлерде жаңылыктарды даярдоо коркунучтуу жана эрдикти талап кылат” дейт аталган комитеттин жетекчиси Энн Купер(Ann Cooper).

Комитет жыл сайын ушундай изилдөө жүргүзүп келет. Ал муну менен басма сөз эркиндигине тоскоолдук кылган өлкөлөргө дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бургусу келет.

Комитет өзүнүн быйылкы изилдөөсүндө журналисттердин иштеши үчүн кыйын өлкө деп эсептелген өлкөлөрдүн тизмесинин башына Иракты койгон. Ал муну өлкөдө журналисттердин өмүрүнө коркунуч келтирген жагдайдын көптүгү, алар окко кабылып, камакка же барымтага алынышы мүмкүн экендиги менен түшүндүрөт. Комитет Ирактагы кабарчылар такай ок атуулардын жана жардыруулардын шартында иштээрин, аларга каршылашкан эки тарап зордук-зомбулук көрсөтөөрүн билдирет. Комитеттин маалыматтарына караганда, Саддам Хусейиндин режими кулаган бир жыл ичинде Иракта 25 журналист курман болуп, бери эле дегенде 8 журналист барымтага алынды. Комитет курман болгондордун ичинен 7, башка маалымат боюнча 9 журналист, америкалык аскерлердин аткан огунан каза болгондугун белгилейт.

“Согуш жүрүп жаткан бир жылда Ирак журналисттердин иштеши үчүн дүйнөдөгү эң коркунучтуу жерге айланды” деп жазылат комитеттин 3-майда жарыяланган отчетунда. Бирок жакында ошол эле АКШдагы “Фридом Хаус” уюму Иракта акыркы бир жыл ичинде сөз эркиндигин камсыз кылуу боюнча бир топ алга жылуу бар экендигин белгилеген.

Куба бул тизмеге өткөн жылы 29 журналистти түрмөгө отургузганы үчүн түшкөн. Комитет “муну менен Куба өзүнүн ансыз да баш көтөрө албай жаткан массалык маалымат каражаттарын биротоло талкалап салды” деп жазат. Ал өзүнүн отчетунда камактагылар ар кандай психологиялык кыйноолорго дуушар болуп жатканын белгилейт. Комитеттин билдиришинче, журналисттер жана анын жакындары абактагыларга эч кандай медициналык жардам көрсөтүлбөсүн, алар камераларда жалгыздан отураарын, жыттанып же бүксүп кеткен тамак-аш берилээрин айтып даттанышкан.

Комитет өзүнүн отчетунда Зимбабведеги бирден бир көз карандысыз басылма болгон “Дейли Ньюс” гезитинин жабылышын өтө өкүнүү менен билдирет. Ал “аталган гезиттин жабылышы менен бул өлкөдөгү басма сөз эркиндигине балта чабылды” деп жазат.

Түрмөнстанда болсо анын улуттук коопсуздук кызматтары өткөн жылдын октябрь айында “Азаттык” радиосунун кабарчысын камакка алып, түрмөдө бир нече жолу белгисиз зат кошулган тамак берген. Комитет февраль айында Борбор Азия өлкөлөрүндө “Азаттыктын” дагы 2 кабарчысы камакка алынганын белгилейт.

Комитеттин маалыматы боюнча, ушу күндөрү Кытайдын түрмөлөрүндө жана лагерлеринде 41 журналист отурат. “Дүйнөдөгү өлкөлөрдүн ичинен Кытай журналисттердин түрмөсүнө айланды” деп жазат Журналисттерди коргоо комитети.
XS
SM
MD
LG