Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:41

КЫТАЙДАГЫ БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ


Нарын АЙЫП, Прага Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Журналисттерди коргоо комитети" журналисттер үчүн дүйнөдө эң коркунучтуу деп эсептелген 10 өлкөнүн кезектеги тизмесин жарыялады. Бул тизмеде Кытай акыркы беш жыл ичинде такай алдыңкы орунду ээлеп келет. Бээжин университетинин профессору Чжао дагы жакында атайын макала жазып, Кытайдын маалымат каражаттарында коммунисттик мезгилдегидей абал сакталууда деп чыкты.

3-май күнү дүйнөдө Басма сөз эркиндигинин эл аралык күнү белгиленгенде, Нью-Йорктогу "Журналисттерди коргоо комитети" такай журналисттик кызмат үчүн эң коркунучтуу 10 өлкөнүн тизмесин жарыялап келет. Быйылкы тизмеге Бангладеш, Гаити, Зимбабве, Ирак, Куба, Кытай, Орусия, Палестина, Түркмөнстан жана Эритрея кирген. Иракта акыркы бир жылдын ичинде 25 журналист курман болду, Кубада 2003-жылы 29 журналист узак мөөнөткө эркинен ажыратылууга кесилди, Кытайда болсо дүйнөдөгү эң көп журналист - 41 адам - абакта жатат.

Кытай бийлиги журналисттерди ар башка себепке шылтап камашы мүмкүн, мисал үчүн, үстүбүздөгү жылдын башында "Метрополис ньюс" аттуу гезиттин бир нече редактору камакка алынды жана алар коомдук стабилдүүлүктү бузган деп күнөөлөнүүдө. Комитеттин айтымында, чындыгында алар өлкөдө кеңири жайылган жаңы оору - өпкөнүн өзгөчө сезгениши тууралуу кабар тараткан жана ал маалымат өкмөттүк кабарлардан бир топ айырмаланган.

Байкоочулардын айтымында, бул эпидемия сыяктуу учурларда элден чындыкты жашырып, тиги же бул жагдай жөнүндө толук маалымат жарыялабай, түзүлгөн абал тууралуу бурмаланып-кооздолгон кабар таратуу азыр Кытайда көнүмүшкө айланган адат болуп баратат жана чоңдор аны эл аралык сахнада өлкөнүн имиджин жогору кармоо максаты менен түшүндүрөт. Ал имидж кокусунан ылдый түшүп кетсе, өлкөгө тартылган чет элдик инвестициялардын көлөмү кыскарып кетиши мүмкүн, ошондуктан социалдык стабилдүүлүктү бузган мындай маалымат тараткан журналисттерди эл душманы деп атоого толук негиз бар.

Бээжин университетинин журналистика боюнча профессору Чжан Гуабяо жакында мындай пропаганда тууралуу атайын макала жазып, аны электрондук почта аркылуу таратты. Ал макаланы бир да гезит жазып чыгарбай турганына профессордун көзү жеткен жана Чжаонун айтымында, чыныгы маалыматты жашыруу коомго - аны кооздогондон алда канча көп зыян алып келиши мүмкүн. Маалыматты чектөө саясаты болсо өлкөдө коммунисттик мезгилдеги цензуранын доорун кайрадан калыбына келтирүүдө. Макаланын дагы бир өзгөчөлүгү - Кытай маалымат каражаттарындагы пропаганда тууралуу Чжао мүмкүн болушунча эң катуу сөздөр менен жазган. Америкалык "Интернешнл геральд трибюн" гезитинин кабарчысы Жозеф Каан кытайлык профессор менен байланышып, эмне үчүн ал өз макаласын өтө катуу жазган деп сураганда, Чжао - жумшак жазылган макалаларга диктаторлор эч качан эч кандай көңүл бурбайт деп жооп берген.

Америкалык гезиттин жазышынча, 2002-жылдын аягында Кытайдагы бийлик алмашып, өлкө жетекчилигине салыштырмалуу жаш Ху Цзинтао келгенде, өлкө интеллигенциясы ага бир топ үмүт арткан. Бирок жаңы төрага Ху өзү реформалардын жүрүшү жана аларды турмушка ийгиликтүү ашыруу үчүн конституцияга кандай өзгөртүүлөрдү киргизүү абзел экендиги тууралуу коомдо дискуссия өткөрүш керек дегени менен, маалымат каражаттарында азыр маданий кабарлар дагы цензураланат. Гезит редакторлорунун айтымында, кичинекей эле саясий ката кетирген маалымат каражатына азыр катуу чаралар көрүлөт жана журналисттер өздөрүн эркин сезбей калды. Жакында Анжуй провинциясында эки жазуучу коррупция тууралуу китеп жазып чыгарганда, ага дароо тыюу салынып, китеп сатыктан алынган, аны чыгарган басмаканага каршы болсо катуу чаралар көрүлүүдө.
XS
SM
MD
LG