Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:56

«КАМКОР» КАМСЫЗДАНДЫРУУ КОМПАНИЯСЫНЫН АБАЛЫ КЫЙЫН


Кийинки жылдарда Кыргызстанда биртоп каржы мекемелери банкрот болуп, ага ишенген миңдеген адамдардын ишеними сууп турган чагы. Кыргызстандын каржы министрлиги иши жакшы жүрүшпөгөн “Камкор” камсыздандыруу компаниясын банкрот деп таануу тууралуу сотко кайрылган. Райондук сот териштирүүнү “Камкордун” пайдасына чечти. Мындайга нааразы болгон министрлик шаардык сотко арыз жолдоду.

“Камкор” камсыздоо компаниясынын уюштуруучусу - орусиялык “Россно” камсыздоо компаниясы. Анын активинде турган каражаттар төлөп берүү милдетин алган акчанын теңине да жетпестигин маалымдап, Кыргызстандын каржы министрлиги компанияны банкрот деп жарыялоо тууралуу сотко кайрылган. Бишкектин экономикалык иштер боюнча райондор аралык соту ушул жылдын 27-апрелинде министрликтин жүйөөсүн жөнсүз деп тапкан чечимин чыгарды.

Компаниянын өмүрдү камсыздандыруу боюнча түзгөн келишимдери быйыл жыл башында 191,5 миллион сомду түздү. “Камкор” камсыздоо компаниясынын убактылуу администратору апрелден тарта 66,6 миллион сом төлөп бериши керек.

- “Камкор” камсыздоо компаниясы жабык акционердик коомунун өзүнүн капиталы болгону 6,5 млн. сомду түзөт. Өмүрдү камсыздоо түрү боюнча жыйналган камсыздоо резервинде болгону 19,3 млн. сом турат. Камсыздоо резервиндеги акчалар жыл сайын азаюуда,- дейт Кыргызстандын каржы министринин орунбасары Эмирлан Төрөмырзаев.

Каржы министрлигинин ырасташынча, “Камкор” камсыздоо компаниясынын аракети чогулган акчаларды бекем сактап, анын санын көбөйтүү эмес, түшүп аткан акчаларды күнүмдүк милдеттенмелерди жоюуга жумшалууда. Акчаларды алдагыдай бөлүштүрүү аманатчыларды сызга отургузуп кеткен банктардын амалын эске салаарын Эмирлан Төрөмырзаев атайын белгиледи.

- Улуттук банк да ”Инсан” банкын банкрот деп жарыялоо тууралуу сотко арыз менен кайрылган. Бирок сот ал өтүнүчтү канааттандырбай койгон соң Улуттук банк көзөмөл жасоочу орган катары түзүлгөн жагдайды ачыкка чыгарууга мажбур болгон. Акыры келип жогору турган сот “Инсан” банкын банкрот деп жарыялаган.

Каржы министрлигинин Банкка кошулбаган сектордун өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Кубат Укаевдин ырасташынча, Кыргызстанда 15 камсыздоо компаниясы катталган.

- 2000-жылдын 2-апрелинен тарта камсыздоо компаниясынын техникалык же камсыздоо резервин түзүү боюнча жобо иштелип чыккан. Жобого ылайык жыйналган акчанын бир тыйыны коротулбай сакталып турушу керек, башкача айтканда, сиз мүчө акы катары канча акча салсаңыз, ошончо акча резервде турушу керек. Компаниянын аягына чыга элек 133 миллион сомдук келишими бар. Ушунча сандагы акча резервде турушу зарыл эле,- дейт Кубат Укаев.

Камсыздоочулардын улуттук ассоциациясынын президенти Курманбек Турдалиев “Камкор” компаниясынын аракети башка камсыздоочулардын кадырына көлөкө түшүрбөйт деген ойдо:

- Бул жерде ассоциация эмес, камсыздоо рыногунун туруктуулугу, камсыздануучулардын укугунун сакталышы, алардын кызыкчылыгынын корголушу жайында кеп болууда. Каржы министрлиги ачыкка чыгарган маалыматтардан көрүнгөндөй, компания стратегиялык мүнөздөгү катачылыкка жол берген.

Анын ырасташынча, “Камкор” камсыздоо компаниясы Кыргызстандагы финансылык туруктуулукту эсепке алган эмес. Ошон үчүн компания өмүрдү камсыздоо үчүн 7 миңден ашуун атуулдан акча топтоп, арбын үстөкпул төлөп берүүгө убада кылган. Каржы министрлиги ушу тапта убактылуу администратордун башкаруусуна өткөн компания каржылык мүмкүнчүлүгүн оңдосо ага лицензиясын кайтарып бере тургандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG