Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:55

ПРЕЗИДЕНТ БУШТУН ИНТЕРВЬЮСУ, АРАБДАР МЕНЕН КҮРТТӨРДҮН АГА МАМИЛЕСИ


Амирбек Азам уулу, Прага шаары АКШ президенти Жорж Буш 5-майда арабдардын эки сателиттик телестанциясына интервью берди. Анын максаты америкалык жоокерлердин ирактык туткундарды маскаралоосунан улам араб дүйнөсүндө Кошмо Штаттарга нааразылыктын мизин майтаруу болчу. Байкоочулар Буштун сөзү, жалпысынан алганда, арабдарды жубата албаганын айтышат. Бирок ирактык күрттөрдүн арасында Жорж Буш дале болсо өтө популярдуу.

Америкалык жоокерлердин ирактык туткундарды кордоп-маскаралаганы дүйнө коомчулугуна ашкере болгонго чейин деле АКШ менен араб дүйнөсү ортосундагы ишенбөөчүлүк күчтүү болчу. Ошон үчүн, талдоочулар президент Буштун Бириккен Араб Эмирлигиндеги “ал-Арабия” жана Кошмо Штаттары негиздеген “ал-Хура” телеканалдарынын кабарчыларына шаршемби күнү берген интервьюсу арабдардын Вашингтондун саясатына болгон ишенбөөчүлүгүн көп деле өзгөртө албады дешет.
Анын себеби жөнүндө Багдаддын тургуну Вахад Мустафа ал-Жафты мындай пикирде:

- Буш Ирак элинен кечирим сурабады. Ал Иракка келип, кордук көргөн туткундардын бүлөлөрүнөн кечирим сурашы же аларга компенсация төлөп бериши абзел болчу.

Буш араб телеканалдарына берген интервьюсунда туткундарды кемсинтүүнү сындап, күнөөкөрлөр жоопко татылаарын эскертүү менен гана чектелген:

- Бул өтө булганч иш болду. Биз бул ишти биздин гана жарандардын эмес, эң маанилүүсү, дүйнө элдери ишенгендей кылып түзөтөбүз жана адилеттик орнотулат.

Жорж Буш интервьюда америкалык үч-төрт жоокердин жасаган ыплас иши АКШ армиясына жат көрүнүш экенин белгилей өттү. Кечиримди Буштун ордуна кийинчерээк Ак үйдүн өкүлү Скотт МаКлиллин сурады.

Буштун интервьюсу арабдардын АКШнын саясатына болгон мамилесине таасир этпөө себеби тууралуу Катардын “ал-Жазиира” телеберүүсүнүн өкүлү Жихад Бэлоуттун сөзү:

- Көчөдөгү адамдардын жана араб маалымат булактарынын адепки мамилесине караганда, интервьюнун мазмуну Американын Жакынкы Чыгыш саясаты жөнүндөгү алардын түшүнүгүнө жана туюмуна таасир эткен жок.

Бэлоуттун сөзүнөн айкын болгондой, арабдар үчүн Вашингтондун Израилдин премьери Ариэл Шарондун Палестина жеринде жүргүзгөн саясатын колдогону туткун ирактыктардын кордолгонуна караганда маанилүү. «Ушундан улам Буштун сөзү арабдардын аң-сезимин козголтподу» дейт Бэлоут.

Талдоочулар “ал-Арабияда” президент Буштун сөзү ошол замат англисче кетип, кийин арабчага котормосу берилгени да АКШнын президентинин интервьюсунун маанисин пастатканына көңүл бурашат.

Ошол эле маалда көпчүлүк ирактыктар электр кубаты болбогондуктан Буштун сөздөрүн укпай калышкан. Багдаддын бай суннилери жашаган Адхамия районунда туруучу Ахмед мындай дейт:

- Мен сөздү электр кубаты жок болгондуктан укпай калдым. Акыркы эки жумада электр кубаты үзүл-кесил берилүүдө. Мен кечээтен бери Буштун сөзүн талкуулаган эч кимди жолуктурбадым.

Бирок Ирактын түндүгүндөгү калкынын негизин күрттөр түзгөн Сулаймания шаарында жашаган журналист Хива Осман жергиликтүү күрттөр Буштун сөзүн жылуу кабыл алышканын жана туткун ирактыктарды кордоону бейоопа айрым жоокерлердин осол иши катары баалашканын айтат:

- Буш күрт лидерлерине караганда да өтө популярдуу. Сулайманиядагы кайсы дүкөнгө барбаңыз, Жорж Буш менен Тони Блэрдин сүрөтүн көрөсүз. Бул экөөнү күрттөр аларга эркиндик берген баатыр катары көрүшөт.

XS
SM
MD
LG