БИШКЕК. Мындан кийин Кыргызстанда майрам күндөрдө атайын жыйындар, мурдагыдай миңдеген кишилердин катышуусундагы шаан-шөкөттөр өткөрүлбөйт. Майрам карапайым элдин маданий эс алып, көңүл ачуусуна ылайыкташтырылып өткөрүлөт. Бул тууралуу социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Уларбек Матеев бүгүн “Азаттыкка” билдирди.
Айрым маданият кызматкерлеринин айтымында, буга чейин өлкөнүн эгемендүүлүгүн, “Нооруз” майрамын, мамлекеттүүлүк жана шаар мааракелерин өткөрүү үчүн жогорку окуу жайлардын 5 миңден 7 миңге чейинки студенттери бир айдан ашуун убакытка окуудан бошотулуп, даярдыктарга катышып келген. Ар бир майрамга 1 млн. сомдон 3 млн. сомго чейин каражат чыгымдалчу.