Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

УЗАКБАЙ АБДУКАИМОВДУН «МАЙДАН» РОМАНЫ


Улуу Атамекендик уруш маалындагы оорук менен канмайдандын карым-катышын таасын чагылдырган Узакбай Абдукаимовдун “Майдан” романы ушу азыр да көркөм-эстетикалык жамалын өчүрбөй келатат. 2-дүйнөлүк согуштун драмасы менен трагедиясын, аларга жуурулушкан адам тагдырларынын кайталангыс элесин жараткан автордун чыгармасы учурунда чоң талаш-тартыштарга туш болгон. Мезгил өткөн сайын чыгарманын көркөмдүк баалуулугу артып, авторунун өмүр таржымалына кызыгуу күч алууда.

Улуу Атамекендик уруш маалындагы оорук турмушун чагылдырган чыгармалар кыргыз адабиятында биртоп эле. Антсе да, канмайданга катышкан адамдын чыныгы реализм талабына шайкеш келген көркөм элесин реалист сүрөткер катары баяндап берүү Узакбай Абдукаимовго чейин улут адабиятыбызда көрүнө элек болчу.

Узакбай Абдукаимов “Майдан” романын жазууга өмүрүнүн соңку жылдарында киришкен. Кыйла жылын орус, дүйнөлүк классикалык адабият үлгүлөрүн которууга арнаган сүрөткер ары татаал, машакаты көп жумушту баштоого батына албай келген. Өзү кырдуу замандаш калемгерлерден интеллектуалдык даярдыгы, чыгармачылыкка өзгөчө катаал мамиле жасагандыгы аркылуу айырмаланган бу сүрөткер чыгармачылыгын кара сөздөн – аңгеме, очерк жазуудан баштаган.

Кыйла жыл котормочулук, окуу китептер түзүү менен алектенип келген автордун Улуу Атамекендик уруш маалындагы оорук менен канмайдан турмушун баяндаган “Майдан” романын жарыялашын көпчүлүк калемдештери кыйла чычалабыраак кабылдашкан. Айрымдары ага идеялык кине коюп, роман чоң талашка түшкөн. Чыгарманын айланасындагы талаштын чоо-жайын “Узакбай Абдукаимов жана “Майдан” романынын талкуусу” деген адабий изилдөө эмгегинин автору Садык Алахан айтып берет.

- “Майдан” жөнүндө 1962-жылы 11-мартта кыргыз адабиятынын классиги Аалы Токомбаевдин “Майдан” романы тууралуу учкай сөз” деген макаласы “Советтик Кыргызстан” гезитине жарыяланган. А кезде Кыргызстан жазуучулар союзун Токтоболот Абдумомунов башкарган. Ошо кишинин демилгеси менен “Майдан” романына талкуу уюштурулган. Роман тууралуу а кезде жазуучулардын арасында аркыл кептер айтылган. Ошолорду орой-чарай отуруп чечип алуу кезеги келген. Албетте, талкууда ар ким өз пикирин айткан. Аны бул жерде кайталап отуруунун кажети жок. Жыйынга катышкандар топтук, кландык жана да адабиятты түшүнүү, аны кабыл алуу деңгээли жагынан бөлүнүп калышкан. Адабиятты түшүнүү деңгээлинин ар кандайлыгынан жазуучулар экиге ажырашкан.

Ишеналы Арабаев атындагы педагогикалык университеттин профессору Калыбек Байжигитовдун айтуусунда, “Майдан” романынын чоң талашка түшүп калышына чыгарманын баштатан келаткан адабий калып, көнүмүштөн өйдө көтөрүлүп, жаңы эстетикалык чекке көтөрүлүшү себеп болгон.

- “Майдан” кыргыз адабияты, прозасы, дегеле көркөм өнүгүшү үчүн жаңылык эле. Себеби бизде, прозада болобу же адабияттын башка жанрларындабы, согуш темасыбы же коллективдештирүүбү – баары схема менен чагылдырылчу. Схема болгондо каармандардын мүнөзү, окуянын өөрчүшү алдын-ала калып боюнча өнүгөт. Каармандар да ошондойчо сыпатталат. Ал эми “Майдан” ал рамкадан таптакыр тышкары болчу. Бизде согушка катышкан киши сөзсүз суранып кетчү, абдан идеалдаштырылып көрсөтүлчү. Каармандын эрдиги гана айтылып, анын ички дүйнөсү, адамдык нарк-насили унутта калтырылчу. Мына ушул рамканы, стереотипти, схеманы Узакбай Абдукаимов бузуп салган.

Оорук менен канмайдандын ортосундагы жөнөкөй пенделик карым-катыш, өлкө тагдырын чечкен аскербашчылардан тарта катардагы жоокерлерге, тоодогу малчы менен шаардагы интеллигенттерге чейинки көп кырдуу адам мүнөздөрүн, ички дүйнөсүн кадимки Л.Толстойдун масштабында чагылдырууга жетишкен автор чыгармасынын барк-баасын жакшы билчү. Ошон үчүн узакка созулган адабий талкуунун материалын өзү орусчага таржымалап, москвалык чиновниктерге жөнөткөн. Турмушта тутунган принцибинин чындыгы, чыгармасынын идеялык ур-токмоктун төөбастысында калып калбашы үчүн колунан келген аракетин жасаган.

Коммунисттик жаалы катуу бийликтин сеси кичине кайтып, саясий режим азыраак жумшара баштаган хрущевдук “жылымдоо” мезгилинде уруштун трагедиясы менен драмасын таасын баяндаган чыгармалар, аскербашчыларынын эскерүүлөрү жаралган. Булардын баары уруштун башынан аягына чейин катышкан жазуучунун көркөм дүйнөсүн байыткан.

- Согуштан кайтып келгенден кийин бу киши университеттеги Иле эже менен жүрүп, мамиле түзүп, мына ушул үчүнчү аялынын колунда көз жумган. Биринчи аялынан Зоя деген кызы бар. Мен ал эже менен көп жолугушуп турам. Мынабу биздин “Асанбай” микрорайонунда жашайт, - дейт адабиятчы Садык Алахан.

Узакбай Абдукаимовдун адабий эрдиги учурунда бааланбады. Көркөм сөз дыйканы кыргыз адабиятынын өрүшү кеңейип, эстетикалык жаңы бийиктиктерге көтөрүлүп, реалисттик салты өнүккөн адабияттар менен теңата өнүгүшү үчүн колунан келген аракетин жасаган. Улуу ишти унчукпай жүрүп эле бүтүрүп салган. Мунун аркасы менен ал кыргыз адабиятынын саналуу классиктеринин катарына кошулган.
XS
SM
MD
LG