Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Чеченстандагы жардыруу жөнүндө кыргызстандыктар ар кандай пикирде


БИШКЕК. Бүгүн Чеченстандын президенти Ахмад Кадыровдун Грозныйдагы жардыруудан каза болгондугуна байланыштуу кыргызстандык саясатчылар да өз пикирлерин билдиришүүдө. Айрымдар бул окуяны Аслан Масхадов менен Шамил Басаевдин башчылыгындагы топтор тарабынан уюштурулушу ыктымал деген пикирде. Саясатчылардын бир бөлүгү болсо, Ахмад Кадыровдун каза болушун Россиянын Чеченстандагы жүргүзгөн саясатынын натыйжасы катары баалашууда. Кыргызстандык укук коргоочулардын арасында бул жардыруу Ахмад Кадыровдун режиминен жабыр тартып, жапа чеккен адамдардын туугандары тарабынан да уюштурулушу мүмкүн деген көз караштар да бар. Ал эми чечендердин Кыргызстандагы диаспорасынын өкүлү Луиза Хадалова Ахмад Кадыров соңку төрт жылдан бери Чеченстанда саясий туруктуулукту сактоого, экономикалык өнүгүүгө бүт күч-аракетин жумшады деген пикирин «Азаттыкка» маалымдады.

XS
SM
MD
LG