Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

ИРАКТАГЫ АБАКТАРДА АЙЫПСЫЗ АДАМДАР КӨП ЖАТАТ


Ирактын абактарында отургандардын 90 пайызынан ашууну жаңылыш жерден кармалгандар. Мындай тыянакка эл аралык Кызыл Чырым уюму келди. Уюмдун жаңы докладында Ирактын түрмөлөрүндөгү укук бузуулар жөнүндө АКШ жетекчилигине буга чейин бир нече ирет маалымдалганы белгиленет.

Кызыл Чырымдын ырастоосунда, америкалык чалгындоо офицерлеринин "Абу Грейб" жана Ирактын башка түрмөлөрүндөгү укук бузууларына уюмдун кызматкерлери өздөрү күбө болушкан.
Айрым учурларда ошол укук бузуулар – зордук-зомбулук, мазактоо, кемсинтүү-басмырлоо кыйноого тете. Физикалык жана психикалык зомбулук маалымат алуу же күчкө салып кызматташтыруу, кылмышты мойнуна алдыруу үчүн колдонулуп келген деп белгиленет уюмдун отчетунда.

Кармалгандардын көпчүлүгү тез эле коё берилип турганы менен, Саддам режиминин төбөлдөрү өзгөчө начар мамилеге туш болушууда. 2003-жылдын июн айынан бери “өзгөчө баалуу” туткундар күнүнө 23 сааттан караңгы камерада кармалып келгени Женева конвенциясын одоно бузуу болуп эсептелет деп ырастайт Кызыл Чырым уюму. Алар тышкы дүйнө менен турсун, жакындары менен да байланыша алышпайт.

Тергөө иши аяктап келаткандарга гана күнүнө эки жолу 20 мүнөткө сыртка чыгууга уруксат берилет.
Уюм баса белгилегендей, отчетто камтылган фактылар жөнүндө АКШнын расмий өкүлдөрүнө буга чейин бир нече ирет эскертилген. Отчет "Абу Грейбдеги" мыйзам бузууларга байланыштуу чатак тутана электе эле, феврал айында коалиция күчтөрүнө берилген.

Кызыл Чырым коалициянын айрым чалгындоо офицерлерине шилтеме берип ырастагандай, Ирактын абактарында отургандардын 70-90 пайызы жаңылыш кармалган.

"Аскерлер үйлөргө адатта түн ортосунда, эшик- каалгаларды талкалап кирип, уктап жаткандарды ойготуп, аларды күч колдонуп бир бөлмөгө камап коюп, турак жайды тинтишчү. Кээ бир учурларда үйдөгү бардык эркектерди, кары-жашына карабай, майып же оорукчал адамдарды да кармап кетишчү”, делинет баяндамада.

Кызыл чырым “жаңылыш кармалган” деген терминди чечмелебегени менен, ирактыктардын өздөрүнүн айтымында, алардын кээ бирлери жеке душмандарынын көрсөтмөсү менен кандайдыр бир калпыстыктын айынан, же жөн гана жаңылыш жерде жаңылыш учурда болгондугу үчүн кармалып кеткен.

Мисалы, Хайдер Саббар Абед деген жигит ал кетип бараткан машинанын айдоочусу АКШнын көзөмөл пунктунда керектүү документтерин көрсөтө албагандыгы үчүн былтыр июл айында абакка отургузулуп, быйыл апрелде чыгарылган.
Хаббария кыштагында болсо айылдын 18ден 81 жашка чейинки дээрлик бардык эркек тургундары кармалган. 79 киши бир нече апта бою абакта жаткан.

Уюм белгилегендей, тил айырмачылыгы да жаңылыш камоолорго өз салымын кошуп келди. Англисче берилген буйруктарды түшүнбөгөндөрдүн кыймыл аракеттерин америкалык аскерлер каршылык көрсөтүү же баш ийбөө катары баалашчу.

Көптөгөн мыйзам бузууларга Ирактын жергиликтүү коопсуздук органдарынын кызматкерлери да барышат. Кызыл Чырым белгилегендей, Женева конвенциясына ылайык, аларга да коалиция жооптуу.

Өткөн аптада Кызыл Чырым уюмунун басма сөз катчысы Антонелла Нотари уюм Багдаддагы "Абу Грейб" жана Ирактын башка жаза өтөөчү жайларындагы мониторингди уланта берээрин билдирген:

- Көпчүлүк убакта биз проблеманы дароо чече албайбыз, көпчүлүк учурларда биздин сунуштарыбыз көптөн кийин гана эске алынат же аларга таптакыр көңүл бурулбайт. Бирок абактардагы ишибиз өтө маанилүү.

XS
SM
MD
LG