Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:44

ТАЙЛАК БААТЫР БАЯНЫ


Султанаалы Арстанбек, Бишкек Баатыр атагы менен тарыхта калган Тайлак Рыскул уулу тууралуу далай даңазалуу окуялардын топтому айтылып калган. Ал Теңир тоо койнундагы кыргыздардын намысын тепсетпей, кылыч мизин басып жашап өткөн инсандардын көрүнүктүүсү.

Он сегизинчи кылымдын акырында, тагыраак айтканда, 1796-жылдары жарык дүйнөгө келген Тайлак баатыр кадимки Жанболот баатырдын небереси. Жоокерчилик замандын көкжалдарынын бири катары бой тарткандан ата намысын сактоо үчүн аракет жасап, тоолук кыргыздардын эркиндиги, көз карандысыздыгы үчүн тобокелге баш байлап, бүгүнкү Тогузторо менен Акталаа райондорунун чегинде жашаган элине тутка болгон.

Кыргыздын саяк уруусунун чоро уругунан тараган укумдун мыкты чыкмасы Тайлак баатырдын бир тууганы Атантай экөөнүн жетекчилиги астында Кокон бийлигине, Кытай жортуулчуларына каршы согуштардын байма-бай болуп тургандыгы эл эсинде сакталуу. Мына ошол кандуу кыргындардын башталышындагы жекеме-жекеге чыккан эр сайыштардын натыйжасында Тайлак баатырдын жеңиштерге жетишкендиги жомок болуп айтылып, тагдыры кенже эпостук деңгээлге чейин көтөрүлгөн.

Баатыр тууралуу изилдеп-иликтеп тарыхый-көркөм баян жазган, өмүр акырына чейин улуу инсанды даңазалоо аракетин жасаган жазуучу, маркум Шүкүрбек Бейшеналиевдин айткандары сакталып калган экен:

-Тайлак эл арасында, жазма тарыхыбызда эмес, коңшу элдердин - кытайдын, өзбектин, казактын тарыхында белгилүү адам. Бул жомок эмес, чыныгы тарыхый баатыр. Эл арасында Тайлак жөнүндө укмуштуу ырлар, кошоктор тарап кеткен. Ошондон бир эки сабын келтирип берейин:

- Тайлак минди буурулду.
Таманы ташка туурулду,
Кылыч кындан суурулду,
Кылкылдаган көп кытай,
Заманасы куурулду.

Ак талга туусун аштады,
Аскерин Тайлак баштады,
Кокондукту талкалап,
Кокуйлатып таштады….


Он тогузунчу кылымдын отузунчу жылдары Теңиртоо койнунун төрү болгон Курткага ал чеп курган. Кокон кандыгынын туура эмес бийлик жүгүзүүсүнө каршы элдик көтөрүлүштүн уюштуручусу, жетекчиси болгон.

Тайлак баатырдын сесинен чочуган бийлик төбөлдөрү ар кандай амалдар менен анын көзүн тазалоо аракеттерин жасаган. 1838-жылы Тайлак баатырды Кокон кандыгынын атайын жөнөткөн тыңчысы Көр Аким табып кебетесинде жүрүп, ыңгайын таап, ууланган наштар менен өлтүрөт. Баатырдын тарыхтагы орду тууралуу тарых илимдеринин кандидаты Жаныбек Жакыпбеков мындай дейт:

- Кыргыз элинин ичинен чыккан Тайлак баатыр, өзгөчө кыргыз эли үчүн баатырлар доорунун акыркы могикандарынан болуп эсептелет.

Ушул эле ойду улап, тарыхчы Арслан Койчиев мындай пикир айтат:

-Тайлак баатыр Теңир тоонун ичин жердеген, мекендеген кыргыз урууларынын башчысы. Теңир тоону жердеген урууларынын орто кылымдардан бери келаткан аристократиялык бүлөсүнүн өкүлү, кландын башкаруучусу деп койсок болот. Ал эми Тайлак баатырдын өзүнүн өмүрү буга чейин Кыргызстандын түштүгү Фергана, Талас жана башка аймактар ошол учурда жаңыдан канат жайып келатканда коңшу элдерин басып алууга умтулган Кокон хандыгына туура келип калды,- дейт тарых илимдеринин кандидаты Арслан Койчиев.

Тарыхтагы улуу ысымдарды эстей жүрүү үчүн Нарын дайрасынын жээгиндеги Куртка айылына Атантай, Тайлакка кош бешик кылып жай казылып, кош күмбөз тургузулган.
XS
SM
MD
LG