Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Бишкек-Ош жолу оңдолууда


ЖАЛАЛАБАД. Бишкек-Ош жолун оңдоонун үчүнчү бөлүгүнүн алкагында Базаркоргон, Аксы райондорунун жолдору оңдоло баштады. Реконструкциялоонун үчүнчү фазасы жолдун 427-, 500-чакырымында жүрүп жатат. Күрпсай ГЭСинен Маданият кыштагына чейинки 73 чакырым жолду Түркиянын "Эмгек" фирмасынын 15 техникасы менен адистери жана жергиликтүү жүзгө жакын адам оңдоодо. Бул фирма Ташкөмүр шаары менен Аксынын Каражыгач кыштагын туташтырган 54 чакырымдык өтө татаал тоо жолун да ремонттойт. Базаркоргон- Арсланбап жолунда "Нарынгидрокурулуш" ишканасынын жумушчулары иштөөдө. Соңку аталган эки жол бүтсө Аксы жана Базаркоргон районунда социалдык абалды жакшыртып, туризмди өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

XS
SM
MD
LG