Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:56

Газга төлөбөгөндөр сотко чакырылууда


БИШКЕК. Башкалаанын тургундары газ үчүн 95 миллион сом карыз. Бул тууралуу 13-майда "Кыргызгаз" акционердик коомунун маалымат кызматы билдирди. Жаратылыш газын пайдаланганы үчүн төлөбөгөндөрдөн сот аркылуу карыз өндүрүү иштери күчөтүлдү. Жыл башынан бери «Кыргызгаздын» юристтери 172 керектөөчүнү сотко берди. Бирок соттун чечимин да аткарбай, сот аткаруучулардын кийлигишүүсү менен мүлкүн конфискациялоого дуушар болуп жаткандар да бар. Учурда акы төлөбөй жаткан 6 миңге чукул үйбүлөнүн газы өчүрүлгөн. Ал эми "Кыргызгаз" билдиргенге караганда, жыл аягына чейин республика боюнча газдын токтотулушу күтүлбөйт.

XS
SM
MD
LG