Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:22

«Кылым шамы» бейөкмөт уюму пикет өткөрөт


БИШКЕК. 17-майда Бишкекте өкмөт үйүнүн алдында «Кылым шамы» бейөкмөт уюму пикет өткөрөт. Бул акцияга жергиликтүү укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрү катышат. Мындай маалыматты бүгүн «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунан «Азаттыкка» билдиришти. Уюмдун маалымдашынча, мындай кадамга барууга укук коргоочулардын жана атуулдардын нааразылык акцияларын өткөрүүдө тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз кармалып, сот жообуна тартылышы себеп болгон. «Кылым шамы» бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү мыйзамга ылайык өкмөт үйүнүн алдында пикет өткөрүүгө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук администрациясынан уруксат сурап кайрылышкан. Уюмдун сунушуна райондук администрация макулдугун берген, бирок кагаз жүзүндө уруксат берүүдөн баш тарткан.

XS
SM
MD
LG