Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:27

Пентагон туткундарды кыйноого Рамсфелд уруксат берген эмес дейт


ВАШИНГТОН. Пентагон ирактык туткундарды сурак жүргүзүүдө кыйноо ыкмаларын колдонууга АКШнын коргоо министри Дональд Расфелд өзү уруксат берген деген жоромолду төгүнгө чыгарды. Пентагондун өкүлү Лоуренс Ди Рита “Абу-Грейб” түрмөсүндө отургандарды мазактоо тууралуу таптакыр көрсөтмө берилген эмес, ал эч бир жободо жана буйрукта жок” деп билдирүү жасады.

Кечээ “Нью-Йоркер” журналы өзүнүн интернет барагы аркылуу “Ооганстандагы “Ал-Каида” согушчандарына карата пайдаланган сурак ыкмалары Иракта да колдонулган, андай кыйноого Рамсфельд өзү уруксат берген” деген маалымат тараткан.

XS
SM
MD
LG