Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:10

21-майга аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 21-майда Ысыккөл жана Нарын аймактарында түнкүсүн жамгыр жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы түнкүсүн 15-20 метрге, күндүз 10-14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
ЧҮЙДӨ түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн +6…+11, күндүз +22…+27 градус.
БАТКЕН, ОШ, ЖАЛАЛАБАД облустарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛДӨ түнкүсүн +5…+10, күндүз +17…+22 градуска жылыйт.
НАРЫН аймагында түнкүсүн +1…+6 градус жылуу, күндүз +20…+25 градустун айланасында.
БИШКЕК шаарында түнкүсүн +9…+11, күндүз +25…+27 градус жылуу болот.

Жаңылыктарды Бүбүкан Досалиева, Аманбек Жапаров жана облустардагы кабарчылар топтошту.

Аба ырайы тууралуу маалыматты Алина Кангелдиева даярдады.

Редактор - Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG