Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:02

Нарында жетпеген турмуш


НАРЫН. Облуста эмгектенген 17 миңден ашуун адам минималдык керектөө бюджетине жетпеген эмгек акы алышат. Мындай маалыматты 20-майда социалдык-эмгектик мамилелерди жөнгө салуу боюнча үч тараптуу кеңештин жыйынында облустук профсоюз бирлигинин төрагасы Аманатбек Молдалиев жарыя кылды.

Облус алкагында социалдык өнөктөштүк боюнча үч тараптуу макулдашуу түзүлгөндүгүнө карабастан, эмгек рыногу стихиялуу жүрүп жатат дейт Аманатбек Молдалиев. Анын айтымында, региондогу 2 миңден ашуун мекеме-ишканалардын иш жүзүндө гана коллективдүү келишимдери бар. Көмүскө экономика болсо 25 пайызды түзөт, эмгек акыга болгон карызы үстүбүздөгү жылдын 1-майына карата Нарын шаарында 250 миң сомго чыкты. Социалдык өнөктөштүк багытында чыккан губернатордун буйругу бир катар райондорго жана көптөгөн мекеме-ишканаларда аткарылбай жатат.

Мындай жүйөлөргө жыйынга катышкан губернатордун биринчи орун басары Жыргалбек Азылов негизинен макул болуп, облустук акимчиликке эмгек акыны өз убагында төлөбөгөндөр боюнча 5 кайрылуу түшкөндүгүн, айрым мекемелерде эмгек акы фондусу толук аткарылбаган фактылар бар экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG