Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:35

'Мунай үчүн азык-түлүк' программасы боюнча ишти тергеген топ Багдадка келди


Бириккен Улуттар тарабынан акыркы он жыл ичинде Иракка жардам көрсөткөн "Мунай үчүн азык-түлүк" аттуу программасы менен байланышкан тергөө иши алкагында Иракка кечээ күнү атайын адистер тобу жиберилди. Тергөөнү башкарган Пол Волкердин айтымында, Иракта он миңдеген документ чогултуу керек, бирок алар үчүн күрөш жүрүп жаткандыктан, тергөө татаалданууда:

- Бул документтерге ээ болуу үчүн мелдеш жүрүп жатканын мен билем. Алар абдан көп адамды жана бизди да кызыктырат. Алар бузулуп же өзгөртүлүп жибериле электе колго тийгени өтө маанилүү, бирок Багдадда түзүлгөн азыркы шартта бул өтө татаал нерсеге айланууда.

Бул маселе боюнча өз алдынча тергөөнү Ирактын Башкаруучу кеңешинин мүчөсү Ахмад Чалаби да өткөрүүгө аракеттенген.

XS
SM
MD
LG