Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Каракол шаары менен Туркиянын Гебзе шаарынын кызматташтыгы бекемдейт


КАРАКОЛ. Каракол мэриясынан алынган маалымат боюнча, Түркиянын Гебзе шаарынан келген чакан топ облустун борборундагы бир катар өнөр-жай, чакан жана орто ишканалардын өндүрүшүнө кызыгып, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишканаларды куруу боюнча шаар мэриясынын демилгесин колдошту. Гебзеликтер Каракол шаарына шире чыгаруучу чакан ишкана ачууга, ошондой эле жылдын дээрлик баардык мезгилинде жер-жемиш өстүрүүгө ыңгайлуу күнөсканаларды курууга ынтызар экендиктерин билдиришти. Облус, шаар жетекчилери менен ишкер маанайдагы жолугушуулар учурунда эки шаардын ортосундагы соода, экономикалык жана маданий кызматташтыкты дагы бекемдөө тууралуу кеп козголду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG