Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ТАЖИКСТАНДЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРЛЕРИ ЖОЛУГУШТУ


Шайырбек Эркин уулу, Баткен 21-майда Баткен облусунда Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев менен Тажикстандын премьер-министри Акил Окилов жолугушту. Анда Кыргызстандан Тажикстанга жогорку чыңалуудагы электр линиясын тартуу жана Ош-Исфана жолунун тажик айылдарына кирбей өтүүчү бөлүгү үчүн Тажикстандын аймагынан жер берүү маселеси талкууланды. Ушул эле күнү Тажикстандын Хожент шаарында бул маселелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, эки тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Кыргызстандын өкмөт башчысы баштаган топ тажик делегациясын эртең менен Баткен району менен Тажикстандын Исфана районунун чегинен тосуп алды. Андан ары өкмөт башчылар Баткендеги «Манас» тарыхый-маданий комплекси менен таанышты. Сапар андан ары жогорку чыналуудагы Баткен-Канибадам электр линиясы тартыла турган «Айгүлташ» подстанциясы менен таанышуу аркылуу уланды. Ал жерде чакан маалымат жыйыны өтүп, анда өкмөт башчылар Баткен-Канибадам долбоору эки өлкөнүн ортосундагы алгачкы кызматташтык долбоор экенин белгилеп, анын эки тарап үчүн да пайдалуулугуна токтолушту. Бул боюнча тажик өкмөт башчысы Акил Окилов мындай деди:

- Баткен-Канибадам долбоору Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы алгачкы интеграциялык долбоор. Энергетика проблемаларын чечпей туруп, биз экономикабызды өнүктүрө албайбыз, элибиздин турмушун жакшырта албайбыз. Өзгөчө кыш мезгилинде электр энергиясынын жетишсиздигине дуушар болуп келген Тажикстан үчүн бул электр линиясынын курулушу өтө маанилүү. Бул курулуш биздин элдердин кылымдардан бери келаткан достугунун дагы бир далили. Аталган линиянын курулушу менен биз бири-бирибиздин ички проблемаларыбызды чечүүгө жардамдашабыз. Мындан сырткары башка өлкөлөргө да көмөк көрсөтүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

Ал эми Кыргызстандын премьер-министри Николай Танаев ушул эле ойду мындайча улады:

- Биздин президенттер жогорку саясий деңгээлде достошуп жатышат, ал эми бизге, премьер-министрлерге соода-экономикалык мамилебизди да ошондой деңгээлге жеткирүү маселеси калды. Эң негизгиси - бул биздеги бейпилдик жана тынчтык. Өткөн жылы биз Тажикстандын премьер-министри Акил мырза менен сүйлөшүп, элибиздин ары-бери каттоосуна тоскоолдук туудурган чек ара жана бажы бекеттерин бир сааттын ичинде алып салууга жетиштик. Бул бири-бирибизсиз өнүгө албашыбызды жана эл турмушун жакшырта албасыбызды түшүнө баштаганыбыздын белгиси. Ал эми Баткен-Канибадам электр линиясынын курулушу менен бизге Тажикстан аркылуу Ооганстанга жана Пакистанга электр энергиясын берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Дагы бир маселе, бүгүн Тажикстандын аймагы аркылуу Лейлек району менен Сүлүктү шаарына дейре 110 киловаттагы электр линиясын тартуу маселесин да чечебиз. Мындан сырткары Ош-Исфана жолунун тажик айылдарына кирбей өтүүчү бөлүгү үчүн Тажикстандын аймагынан жер алуу маселесин да сүйлөшөбүз. Бул жолдун курулушу эки тарап үчүн, өзгөчө кошуналаш жашаган кыргыз-тажик элдери үчүн абдан пайдалуу болмокчу.

Сапар андан ары Тажикстандын Канибадам шаарына уланып, өкмөт башчылар аталган долбоордун алкагындагы алгачкы электр таянычынын жерпайын түптөөгө катышты.

Ушул эле күнү Хожент шаарында эки тараптуу сүйлөшүү жүрүп, анда жогорку чыналуудагы электр линияларынын жана тажик айылдарына кирбей өтүүчү жолдун курулушу үчүн жер бөлүп берүү маселеси талкууланды жана эки тараптуу макулдашууга кол коюлду.

Ага ылайык Баткен районунун аймагынан Тажикстанга жогорку чыңалуудагы электр линиясын тартуу үчүн, ал эми Тажикстандын Исфана районунун аймагынан Ош-Исфана жолунун тажик айылдарына кирбей өтүүчү бөлүгү жана Лейлек районуна электр линиясын тартуу үчүн жер бериле турган болду.

XS
SM
MD
LG