Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Кыргызстандын түрмөлөрүндө абал оор


БИШКЕК. Учурда Кыргызстан түрмөлөрүндө отурган атуулдардын 68 пайызы кургак учук, гепатит, ВИЧ инфекциясы жана ар кандай жыныстык жолдор менен жугуучу илдет менен оорушат. Бүгүнкү күнү өлкө боюнча ВИЧ инфекциясына кабылган 534 адам катталган жана анын 65 пайызы түрмөдө отурган адамдар. Бул тууралуу Юстиция министрлигинде өткөн түрмө отурган адамдардын саламаттыгын сактоого арналган тегерек стол жыйында айтылды. Ошондой эле ал жыйынында Кыргызстандын түрмөлөрүндө өз ишин жакшы билген медицина кызматкерлери жетишпейт тургандыгы маалымдалды.

XS
SM
MD
LG