Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:25

Иракта акыркы бир күн ичинде 40тан ашык адам набыт болду


БАГДАД. Америкалык аскерлер менен Моктада ас–Садрдын отряддарынын ортосундагы Куфа жана Нажаб шаарларындагы салгылашууда акыркы бир күн ичинде 40 ашык адам набыт болду. Маалымат агентиктеринин билдиришинче, америкалык аскерлер ирактык согушчадарды Куфанын мечитинен сүрүп чыгышты. Ал жерде курал катылган кампа табылганы айтылып жатат. Моктода ас-Садрдын 32 жоокери өлрүрүлдү.
Нажаб шаарында болсо мүрзөнүн жанында салгылашуу болуп, адам өлдү. Оорукананын кызматкерлери алардын көпчүлүгү жергиликтүү адамдар экендигин билдирип жанышат:
- Биздин ооруканада 3 адамдын сөөгү жана 36 жарадар бар. Алардын баштарына жана көкүрөктөрүнө ок тийиптир. Алардын баары – ирактык тургундар. Полиция кызматкерлери жана аскерлер болгон жок, - деди Нажабдагы оорукананын дарыгери.
Ирактагы абалдын курчушуна байланыштуу Иран бүгүн АКШнын дарегине расмий билдирүү жасады.

XS
SM
MD
LG