ЯЛТА. Белорусия, Россия, Украина жана Казакстан мамлекет башчыларынын жолугушуусу кечээ Ялтада башталды. Эки күнгө белгиленген жолугушуунун учурунда төрт президент экономикалык бирдиктүү аймактын маселесин талкуулашары күтүлүүдө. Буга чейин эксперттер салыктын, экспорт-импорттун жана жүк ташуунун оош-кыйыштарын талдашкан.
Жолугушууда мамлекет башчылары ошондой эле жүк ташуучу 70 тик учак куруу боюнча украина-орусия, атомдук электростанциялар үчүн отун өндүрүү боюнча орус-украин-казак долбоорлорун талкуулаары да күтүлөт.