Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:19

Сауд Аравия мунайды арбын өндүрө баштайт


АМСТЕРДАМ. АКШнын энергетика министри Спенсер Эбрахам Сауд Аравиясы мунай өндүрүүнү июнь айында, бир күнгө эсептегенде, 800 миң баррелге көбөйтөөрүн билдирди. Ал бул жөнүндө кечээ Амстердамда Сауд Аравиясынын мунай министри Али ал-Наими менен жолугушкандан кийин айтты.

Өтө эле өсүп кеткен мунайдын баасын бир аз төмөндөтөлү деп, Сауд Аравиясы өткөн жума күнү ОПЕКке кирген өлкөлөргө мунай өндүрүүнү көбөйтүү тууралуу сунуш киргизген. ОПЕК болсо бул маселени кароону 3-июнда боло турган жыйынга калтырып койгон.

Кечээ “Чоң жетиликке” кирген өлкөлөрдүн каржы министрлери АКШда чогулушуп, ОПЕКти дүйнөлүк экономикага зыян келтирбөөгө, мунай өндүрүүнү көбөйтүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG