Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:47

МИСИР АШЫРКУЛОВДУН КЫЗМАТТАН БОШОТУЛУШУНУН СЫРЫ ЭМНЕДЕ?


Бакыт Аманбаев, Бишкек Президент Аскар Акаевдин 24-майдагы жарлыгы менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркулов ээлеген кызматынан бошотулду. Жардыкта Ашыркуловдун кызматтан алынышы тууралуу ырасмий түшүндүрмө берилген жок. Ошондон улам бул маселе тууралуу саясатчылар ар түрдүү пикирлерди айтууда. Айрымдар «Мисир Ашыркулов оппозициялык маанайдагы саясатчылар менен бириккендигинен улам кызматтан алынды» дешсе, кээ бир талдоочулар Ашыркулов Акүйдүн күн мурунтадан түзгөн планы боюнча кызматтан утурумдук бошотулгандыгын айтышууда.

Мамлекет башчысы менен жаштайынан чогуу өсүп, чогуу билим алып, он беш жылдан ашуун бир катар жооптуу мамлекеттик кызматтарда иштеген Коопсуздук кеңешинин катчысы Мисир Ашыркуловдун күтүүсүздөн кызматтан алынышы саясатчылар, талдоочулар жана журналисттер арасында пикирлерди жаратууда. Демейде жогорку бийлик өкүлүнүн кызматтан алыныш себеби мамлекет башчынын жардыгында так жазылса, бул ирет Ашыркуловдун кызматтан алынышы тууралуу эч маалымат айтылган жок.

Бул окуя боюнча президенттин маалымат кызматы да кандайдыр бир түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Айрым саясатчылар Мисир Ашыркуловдун кызматтан алынышын анын оппозициячыл маанайдагы саясатчылар менен «Адилет шайлоо үчүн» атуулдук биримдигин түзгөндүгү менен байланыштырышууда. Бул тууралуу аталган биримдиктин координациялык кеңешинин төрагасынын орун басары Адахан Мадумаров мындай дейт:

- Мисир Ашыркуловдун кызматтан алынышынын башкы себеби - анын биримдикке кирүү кадамы мамлекет башчысына жакпагандыгынын белгиси. Мисир Ашыркуловдо эч кандай өкүнүү сезими жок. Ал тескерисинче «мен өзүмдүн чечимимди өзүм кабыл алдым, мага артка жол жок» деген пикирде. Ага менин оюмча, "коопсуздук кеңешинин катчысы бойдон кал же болбосо биримдиктен кетесиң" дегендей шарт коюлса керек. Ал «мен кызматтан кетсем да биримдиктен кете албайм» деген атуулдук пикирин билдирген.

Ал эми айрым жергиликтүү байкоочулар Мисир Ашыркулов мамлекет башчысы Аскар Акаевдин ишенген эң жакын адамы экендигин, «президенттик шайлоонун алдында ал Акаевдин макулдугусуз кандайдыр бир кадамга барбайт» деген пикирди айтышууда. Алардын болжолунда Мисир Ашыркулов - мамлекет башчынын тегерегиндеги, аздыр көптүр элге кадыры бар, келечекте президентке мураскер болчу бийлик өкүлү. «Ошондуктан Мисир Ашыркулов мамлекет башчынын күн мурунтадан түзүлгөн планы боюнча, оопозициянын арасында ынтымакты кетирип, добушту бөлүү үчүн айрым оппозиция өкүлдөрү менен бирикти» дешет алар. Маселен, Ооганчылар партиясынын башчысы Акбөкөн Таштанбековдун пикиринде, Мисир Ашыркуловдун кызматтан алынышы, Акүйдүн шайлоо алдындагы саясий кадамы болушу мүмкүн. «Убагы келгенде Мисир Ашыркулов Аскар Акаевдин мураскору болуп чыга келиши ымтымал» дейт Акбөкөн Таштанбеков:

- Бул дагы өзүнчө бир саясий кадамдыр. Эртең ал Акаевдин мураскору болуп чыгаар. Мындай жоромолду эч ким жокко чыгара албайт. Мүмкүн президент аны жумуштан атайылап алып, элге чык деп, мүмкүнчүлүк бергендир. Ошондуктан эртеңки күнү биздин президент Ашыркулов болоор.

Ал эми Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасынын орун басары Кубатбек Байболовдун пикиринде Коопсуздук кеңшинин кызматтан алынышы анын буга чейинки ишмердүүлүгү менен байланыштуу болушу ыктымал:

- Биринчи кезекте биз Коопсуздук кеңеши ушул убакка чейин кандай иш жасады, кандай чечим кабыл алды деген суроону коюшубуз керек. Чынында не деген чоң-чоң окуялар болду, ага Коопсуздук кеңеши кандай катышты эле. Учурда деле кандай окуялар болуп жатат, ага Коопсуздук кеңеши кандай чара көрүүдө. Демек, бул жагынан да мүчүлүштүктөр болгон. Ошондуктан Ашыркуловдун кызматтан алынышы анын ишмердүүлүгү менен байланыштуу болушу ыктымал.

Ал эми «Социал-демократиялык» партиянын төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров «Мисир Ашыркулов ага кол салуу боюча тергөө иши бүтпөгөндүктөн жана тартип коргоо органдарындагы реформанын ишке ашпай жаткандыгынан өз ыктыяры менен кызматтан кетти» деген пикирде:

- Менин оюмча, Мисир Ашыркулов ага болгон кол салуу боюнча тергөөнүн аягына чейин чыкпагандыгы жана соңку мезгилдери тартип коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен байланыштуу окуяларга нааразы болгондуктан өз ыктыяры менен кызматтан кеткендир. Балким аны тартип коргоо органдарындагы реформанын жүрбөй жаткандыгы канааттандырбай калгандыр.

Сүрөттө: Мисир Ашыркуловдун "Адилет шайлоо үчүн" биримдигине киргени анын кызматтан алынышына таасирин тийгиздиби деген суроо дале ачык бойдон калды... (Биримдиктин 20-майдагы маалымат жыйынында - солдон оңго - А.Атамбаев, А.Мадумаров, М.Ашыркулов, М.Эшимканов).

XS
SM
MD
LG