Литванын Конституциялык соту бүгүн өлкөнүн мурдагы президенти Роландас Паксас жаңы президенттик шайлоого катыша албайт деген бүтүм чыгарды. Парламент Паксаска үстүбүздөгү жылдын апрелинде импичмент жарыялаган жана андан соң мыйзамдарга оңдоо киргизип, импичмент аркылуу кызматтан кеткен президент кайрадан жогорку кызматка шайланбаш керек деген чечим кабыл алган. Жаңы шайлоо Литвада июнда өткөрүлөт.