Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:34

АТКЕЗЧИЛИКТИН КУУШ ЖОЛУ, БИР ҮЙ-БҮЛӨНҮН КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫ, АЗИЯ АСМАНЫНДАГЫ СУР БУЛУТ


Өлкөнүн экономикалык негизин ичтен курутчу контрабанда – аткезчилик кийинки кездери Кыргызстанда оңбогондой өстү. Сырттан күргүштөтүп товар ташыгандарды бажы тосмосунан кыйгап алып өткөзчүлөрдүн башында жооптуу кызмат адамдары турушат. Парламенттик комиссия депутаттардын иш бөлмөсүнөн табылган тыңшоочу аппараттарды Кыргызстандын коопсуздук кызматы койгон деп жатат.

Өкмөт үйүндө аткезчилик – контрабанда күчөп кеткендиги жайында кеп болгондугун шейшембидеги «Слово Кыргызстана» гезити жазып чыкты. Президенттик акимчиликтин жетекчи орунбасары Болот Жанузаковдун ырасташынча, аткезчилик жылдап эмес, айлап өсүп жатат. Баары тең аткезчилик мамлекеттик кызматта иштегендер колдоо көрсөтпөсө мынчалык өсүшү мүмкүн эместигин билишет.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ынансак, өткөн жылы аткезчиликтин жалпы көлөмү 3 миллиард сомду түзгөн. Бул улуттук ички дүң продукттун 30%. Мамлекеттик казына анын айынан 1 милиард 800 миллион сомдон кол жууду. Бажы тосмосун кыйгап өтүп аткан товарлардын көбүн тамеки, алкоголь ичимдиктери түзөт. Гезит кабарчысы Аркадий Галуничев республиканы контрабандалык товарлар каптап атса аны менен күрөшчү органдар жайма-жай карап турушат, деп маалымдайт.

Коопсуздук органдары оппозиция мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө, эркин маалымдоо каражаттарынын кызматкерлерине каршы материал топтоп, артынан аңдуу салышканын парламенттин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттык комиссиясы ачыкка чыгарды. «Слово Кыргызстана» гезитинде бул темага арналган К.Мамбетов менен К.Турдукуловдун макалалары жарыяланган.

«Кыргыз-кытай чек арасынын айланасындагы талаш, алтын чатагы, ички иштер министрлигинин кадырынын кетиши, эми коопсуздук кызматынын абийирин төгүү. Эмки кезекте ким болду экен?», деп жазат К.Турдукулов.

Коопсуздук кызматын эмне кызыктыргандыгы 25-майдагы «МСН» гезитиндеги Рина Приживойттун «Бир үй-бүлөнүн кызыкчылыгына деп баарынын артынан аңдыган кызмат» деген макаласында баяндалган. Депутаттык комиссия ачыкка чыгарган жыйынтыкта Улуттук коопсуздук кызматы оппозициядагы депутаттардын баскан изин аңдып, аларга каршы материал топтошкон.

Улуттук коопсуздук кызматтын жетекчисинин көрсөтмөсү менен оппозициялык күчтөрдүн артынан аңдыган атайын кызмат түзүлгөн, аны «өлүм эскадрону» деп аташкан. Депутаттык комиссия ачыкка чыгарган мыйзамсыз иш-аракеттерге азыркы бийлик тушунда эч кандай баа берилбейт, деп эсептейт депутат А.Султанов.

Депутат Д.Садырбаевдин ырасташынча, социализм тушунда КГБ мамлекет кызыкчылыгына деп иштесе, азыркы Кыргызстандын коопсуздук кызматы бир үй-бүлөнүн бизнеси менен кызыкчылыгына гана иштеп калган.

«Чуу чыгарышты, аябай ачууланышты. Демдин баары токонаалатка кетти, жыйынтыгы жок болуп чыкты», деп жазат макала автору. УКК буга чейин, мындан кийин деле компромат топтой берет, дейт Рина Приживойт.

Депутаттар Улуттук коопсуздук кызматынын ишин текшерүүгө алып, чуу көтөрүп жатышы алардын шайлоо алдындагы эл көзүнө көрүнүү аракетинен улам чыкканын шейшембидеги «Эркинтоо» гезитинде А.Жапаров жазып чыкты. Ушул эле ойду улантып «Кыргыз туусу» гезитинде С.Кененбаев бул иш бийлик бутактарын ичара чабыштыруу аракетинен чыгып атат деп жазат. Анын ырасташынча, «мындай иш-аракеттин артында чет өлкөлүк намыяндар турушу да толук мүмкүн».

Азия континентинде жашагандардын асманын карасур булут каптап, анын айынан кыш жаз болуп, жаз кышка айланып, климат кескин өзгөрүүгө туш келгенин шейшембидеги «Вечерний Бишкек» гезити маалымдады.

Карасур булут асманды каптаганда жүрөк-кантамыр, кан басымы, аллергиядан азап тартып жүргөндөрдүн абалы оорлойт. Кыргызстан Жапония, Индия, Пакистан, Кытай сындуу ыкчам өнүгүп бараткан өлкө болбосо, анан кайдан келип анын асманын карасур булут каптап алат, деп гезит кабарчысы Кыргызстан-Орусия университетиндеги глобалдык экология проблемаларын иликтеп жүргөн адистерге суроо узаткан.

Кыргызстандын экологиясын бузуп аткан жагдайлар экөө: биринчиси, кийинки жылдары арбып кеткен автомашиналардан чыккан түтүн. Экинчиси, Түштүк Казакстандын өнөр жай ишканаларынан чыккан зыяндуу заттар.
XS
SM
MD
LG