Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:48

"АКЫРКЫ КОҢГУРООНУН" ЫРАХАТЫ


25-майда Кыргызстандын 2 миң 40 орто мектебинде бүтүрүүчүлөр үчүн «Акыркы коңгуроо» салтанаты өткөрүлдү. Мектеп уясынан учуп чыккан темир канат жаштар үчүн мындан ары билим алууну улантууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар? Адистердин айтымында, өлкө инженердик-техникалык кесиптин ээлерине, информатика жана чет тилдер мугалимдерине муктаж.

Бүгүн өлкөнүн бардык орто мектептеринде бүтүрүүчүлөр үчүн «Акыркы коңгуроо» салтанаттары өткөрүлдү. Билим берүү министрлигинин буйругуна ылайык ашыкча шаан-шөкөт болбой, окуучулардын мектеби, мугалимдери менен коштошуу маанайында гана өткөрүү белгиленген.

Мындай салтанат Бишкектеги №69 окуу–тарбиялык комплекс гимназиясында болуп өттү. Мектепти бүтүрүп жаткан окуучулар мындай дешти:

Айсулуу Асанова: - Ар бир адамдын «акыркы коңгуроосу» өмүр боюу эсинде калат. Классташтарыма ийгилик жана ак жол каалайм.

Азамат Казыбаев: - Мен келечекте экономист болгум келет. Ошондуктан,Кыргыз улуттук Университетке тапшырганы жатам.

Асел Саматова: - Быйыл мектебибиз үчүн дагы кош кубаныч болуп жатат. Биздин мектепке да ачылганына 15 жыл болду. Мен келечекте котормочу болуп, чет өлкөлүктөргө өлкөбүздү кеңири тааныткым келет.

Балдарга билим жана тарбия берүү милдетин мектепке, мугалимдерге жүктөп коюп, айрым ата- энелер четте калып жатканын мектеп директору Элнура Музаева белгиледи:

-Жергиликтүү калктын өкүлдөрү көр-оокат деп жүрүп, учурдагы кыйынчылыктарга шылтоолоп, балдарга көңул бөлө алдбай жатат. Азыр аларга камкордук кылбасак, кийин кеч болуп калат.

Окуучуларга терең билим берүү үчүн окуу китептерин кайра түзүүнүн зарылдыгын Бишкектеги Герман Гмайер мектебинин директору Болот Купешов да айтып, дүйнөлүк тажрыйбаны колдонуунун зарылдыгын белгиледи:

- Кыргызстан эгемендүү болгону билим берүү тармагына реформа кылууга аракет кылынганы менен окуу китептерин кайра жазуу маселеси аткарылбай келүүдө. Китептердин сырты гана өзгөрүлүп, ички мазмуну улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кайра түзүлүшү мезгил талабы.

Быйылкы бүтүрүүчүлөргө кандай жеңилдиктер берилээрин өлкөнүн билим берүү министрлигинин басма сөз катчысы Мамасалы Апышев мындай деди:

- Өлкөдө быйыл өткөрүлгөн олимпиаданын 25 жеңүүчүсүнө жогорку окуу жайына кабыл алууга орундар даяр. Тоголок жетимдерге, көп балалуу үй бүлөөдөн таалим алгандарга, социалдык жактан коргоого муктаж бүтүрүүчүлөргө жеңилдиктер берилет.

Быйылкы окуу жылында өлкөдөгү 2 миң 40 мектептен 85 миң окуучу бүтүрүү экзамендерин берүү алдында турат. Алардын 39 миң 560ы жалпы өлкө боюнча тестирлөө сынагына катышууга катталышкан.

26- майдан баштап билим деңгээлин сыноочу тестирлөө башталат. Ошол тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 5 миң 255 бүтүрүүчү өлкөнүн жогорку окуу жайларына мамлекеттик казынадан каржылоо менен окууга кабыл алынат.

Мындан сырткары мамлекеттер аралык келишимдерге ылайык Орусиянын жогорку окуу жайларына 100 орун белгиленген. Анын 82си Орусиянын эң барктуу Москва, Санкт-Петербург, Новосибирск жана башка 9 шаарындагы ар түрдүү кесипке даярдоочу окуу жайларынан билим алууга окуу жайларына мүмкүндүк берет. Андан сырткары 18 орун аспиранттар үчүн сунуш кылынып, алардын билимдерин тереңдетүүгө негиз берет.

Мына ушундай мамлекеттер аралык бекер билим алуу тажрыйбасы Түркия өлкөсү менен дагы түзүлүп, 8 жылдан бери үзүрүн берип келүүдө. Быйыл кыргызстандык 150 бүтүрүүчү Түркиянын жогорку окуу жайларынан бюджеттик каржылоонун негизинде билим алуу мүмкүндүгүнө ээ болушат. Алардын ичинен 80 орун бакалавр, 70 оруну магистратура боюнча бөлүнгөн. Түркиянын билим берүү сынагы – тестирлөө менен каалоочулардын баарын сынап, татыктууларды тандап алышат. Учурда кыргызстандык сегиз жүздөй жаштар Түркиянын ар кайсыл окуу жайларынан мамлекеттик каржылоонун эсебинен билим алышууда. Өлкөнүн дагы 800 студенти Түркияда контрактык негизде окуп, ар кыл адистикке ээ болушууда.

Мындан сырткары Йордания, Египет жана башка өлкөлөрдө билим алып жатышкан кыргызстандык жаштар арбын. Быйыл Египеттин диний багытта билим берүү окуу жайларына 18 орунга бекер окутууга жолдомо келген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG