Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:06

Киров суу сактагычын реконструкциялоого даярдыктар башталды


ТАЛАС. Иран ислам республикасынын JTNI фирмасы Талас өрөөнүндөгү Киров суу сактагычын реконструкциялоо боюнча даярдык иштерин баштады. Бул иш чара аталган фирма менен Кыргыз Республикасынын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министрлигинин суу чарба департаменти менен быйылкы жылдын 19-апрелде кол коюлган келишиминин негизинде ишке ашып жатат. Реконструкциялоо 18 айдан кийин аяктайт. Ал иштер бүткөн соң Кыргызстан менен Казакстандын элине кызмат кылып жаткан Киров суу сактагычынын сыйымдуулугу бир нече кубга көбөйүп, натыйжада эки республиканын 10 миң гектарга жакын аянтынын суу менен камсыз болуусу жакшырат деген божомол бар.

XS
SM
MD
LG