БИШКЕК. 26-майда Астана шаарында Евразия экономикалык биримдигинин парламенттер аралык Ассамблеясынын жыйыны башталды. Ага Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев башында болгон депутаттар катышууда. Эл өкүлдөр жыйынынын маалымат кызматынын кабарлоосуна карагада, иш сапардын алкагында Алтай Бөрүбаев Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушат. Жолугушуу учурунда эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо тууралуу пикир алмашуу болот.