Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:24

Президент айрым мыйзамдарга кол койбой жатат


БИШКЕК. Мамлекет башчы Аскар Акаев Кыргызстандын Башмыйзамын одоно бузуп, Жогорку Кеңеш тарабынан кайталап кабыл алынган мыйзамдардын айрымдарына үч жылдан бери кол койбой келетат. Бул тууралуу шаршемби күнү «Азаттыктын» кабарчысына Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров билдирди. Анын айтымында, буга байланыштуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын 34 депутаты бүгүн президент А.Акаевге кайрылуу жолдошту.

Кайрылуу ээлери мамлекет башчысынан Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан экинчи жолу кабыл алынган «Кыргыз республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» мыйзам долбооруна кол коюуну өтүнүштү.
Эске сала кетүүчү маалымат - аталган мыйзам долбоору Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан 2000-жылдын 10-майында кабыл алынган. Анда өлкөдөгү электр, жылуулук энергиясына, ысык сууга, газга жана почта байланышына тарифтер Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан бекитилээри жазылган.

Депутаттар мамлекет башчынын бул мыйзамга каршы пикирин 2001-жылдын 14-мартындагы отурумунда көпчүлүк добуш менен жеңип өтүп, экинчи жолу президентке жөнөткөн.

Конституциянын 66-беренесине ылайык мамлекет башчы каршы пикирин билдирген мыйзам долбоору эгер Жогорку Кеңеш тарабынан ошол эле редакцияда экинчи жолу кабыл алынса, ага президент бир айдын ичинде кол коюга милдеттүү.

XS
SM
MD
LG