Ал америкалыктарды баарыдан мурда Жакынкы чыгыштын мунайынан көз карандысыз кылууга тийиш. Демократтардын президенттикке башкы талапкери сенатор Жон Керри Сиетл шаарында сүйлөгөн сөзүндө ушундай деп билдирди. Улуттук коопсуздук стратегиясынын бир нече пункттарын аныктап, Керри Кошмо Штаттары ХХI кылымдын коркунучтарына каршы күрөштө алянстардын жаңы доорун жетектөөгө тийиш, куралдуу күчтөрүн жаңылап, ошол эле учурда дипломатиялык, экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн толук өлчөмдө пайдалануу зарыл деп көрсөттү.