Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:09

Чаткал районунда кайрымдуулук марафону өткөрүлдү


ЖАЛАЛАБАД. Облустук бийликтин маалыматы боюнча, ага бийлик адамдары менен райондун өнүгүүсүнө кайдыгер эмес атуулдар катышты. Өзбекстанга чектеш аймакта калктын 46 пайызы жакыр. 22 миңден ашык калк жашаган мал чарбалуу районго кышында каттоо кыйын. Жазында дыйканчылык үчүн үрөн, күйүүчү май, техникалар жетишсиз болот. Маалыматта таңсыктык күчтүү. Кайрымдуулук акциясына облустук бийлик менен шаар, райондор 25 миң сомдон салым кошуп, жергиликтүү тургундар, районду мурда башкарган Социалисттик эмгектин баатыры Корчубек Акназаров, эмгек жана социалдык коргоо министри Роза Акназарова да өз көмөгүн көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG